«Ата-Бейитте» чек арада курман болгон жоокерлер эскерилди

«Ата-Бейитте» чек арада курман болгон жоокерлер эскерилди

Бүгүн, 16-сентябрда «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардын бир жылдыгына арналган митинг-реквием өттү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Курман болгондорду эскерүүгө күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери жана УКМК Чек ара кызматынын  өздүк курамы катышкан. Митинг-реквием баатыр чек арачылардын күмбөзүнө гүлчамбар коюу менен башталып, каза болгон жоокерлерге багыштап куран окулган.

Андан кийин иш-чаранын катышуучулары жоокерлерди бир мүнөткө унчукпай туруп эскеришкен.

Митинг-реквиемде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп, эр жүрөк жана тайманбас азаматтарды тарбиялаган ата-энелерге терең ыраазычылык билдирген.

«Өз өмүрүн курмандыкка чалып мамлекетибиздин чек арасын коргогон баатыр-чек арачыларга терең таазим.  Алардын эрдиги өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү болуп саналат. Ар бир эле адам баатыр боло албайт . Ал үчүн тайманбас,  эр жүрөк жана Мекенди чексиз сүйүү керек», — деп белгиледи Ташиев.

Чек ара кызматы билдиргендей, 2022-жылы сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда 51 аскер кызматчылары курман болгон, алардын 42си чек арачылар эле.

«Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн сактоого өз өмүрүн курмандыкка чалган бардык аскер кызматчыларынын эстутумун түбөлүккө калтыруу максатында төрт чек арачы — танк экипажынын үч мүчөсү  жана лейтенант Дастан Анарбеков «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде жерге берилген», — деп айтылат маалыматта.

Каза болгон аскер кызматчыларына арналган эстеликтин эскиздеринин долбоорлору иш-чаранын катышуучуларына көрсөтүлгөн. Эстеликти тургузуу иши Маданият министрлигине жүктөлгөн.

«Белгилей кетсек, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө ушул кезге чейин ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп келди жана мындан ары да көрсөтүлөт. Аларга улуттук  мыйзам чегинде каралган  камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнүп берилген жана турак-жайлар берилген. Мындай митинг-реквиемдер Кыргызстандын бардык облустук чек ара башкармалыктарында өткөрүлдү», — деп билдирет Чек ара кызматы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>