Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Милиция: Интернетте алдамчылар көбөйдү
16.09.2021 | 09:37
Ички иштер министрлиги WatsApp, Телеграмм өңдүү мессенжерлер аркылуу ар кандай амалдар менен алдап жатышат. Мындан улам милиция жарандарды сак болууга чакырууда.
Алардын чакырыктарында, “алдамчылар чоң суммадагы насыяларды жеңил шартта берүүгө ишендирип элден насыя карточкасын, персоналдык номурларын сурап жатышат. Керек болсо кайсы бир банктын же каржылык уюмдун өкүлү катары амалкөйлүк менен өздүк маалыматтырды чогултушууда. Ошол себептен мындай шылуундарга ишенбегиле”.
Эгерде ушундай ыкма менен “кылтакка” түшүп кала турган болсоңуз, дароо карточкаңызды же персоналдык номериңизди убактылуу “тоңдуруп” салууга аракет кылыңыз. Же болбосо 102 кызматына чалып кайрылыңыз деди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом