Кыргызстан менен орусиялык компания өлкөдө өстүрүлгөн балыкты экспорттоону пландаштыруудаТаш-Көмүр – Кербен жолундагы сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилүүдөНоокенде селден жабыркаган турак жай ээлерине камсыздандыруу төлөмдөрү берилдиToonDook Festival: дүйнөлүк анимациянын белгилүү өкүлдөрү Бишкекке келишет«Кең-Сай» өткөрмө пунктунда маркаланбаган 19,6 тонна күрүч жана куркума Пакистанга кайтарылдыПрезидент бир катар ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды ыйгарды
Милиция: Кадамжайда жеңил унаа жолго чуркап чыккан окуучуну сүзүп кетти
22.10.2024 | 17:36
Баткендин Кадамжай районунда жеңил унаа мектеп окуучусун сүзүп кетти. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Окуя бүгүн, 22-октябрда Орозбеков айыл аймагында болгон. Милициянын маалыматы боюнча, 23 жаштагы тургун Honda Fit унаасы менен Орозбеков көчөсүндө баратканда, жолдун сол жагынан 9 жаштагы бала чуркап чыккан. Натыйжада унаа баланы сүзүп, ал ооруканага жеткирилген.
Учурда аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүүдө.