Милиция каржы пирамиданын курмандыгы болуп калбоого чакырды

Милиция каржы пирамиданын курмандыгы болуп калбоого чакырды

Милиция көлдүктөрдү каржы пирамидасынын жана алдамчылыктын курмандыгы болуп калбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, каржылык пирамиданын курмандыгы болбош үчүн этият болуу керек. Ошондой эле жогорку кирешени убада кылгандарга ишенбей, каражаттарыңарды күмөндүү компанияларга жана адамдарга ишенип берип койбостон, финансы рыногунун кесипкөй адамдары менен кеңешүү зарыл.

«2020-2021-жылдардын аралыгында Балыкчы шаарында жана Каракол шаарында уюшулган 8 каржы пирамидасынын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнөн улам көптөгөн адамдар жабыр тарткан. Соттун кароосуна 870ке жакын иш жөнөтүлгөн, материалдык чыгым 50 миллион сомдон ашкан»,- деп айтылат маалыматта.

Каржылык пирамиданын өзгөчөлүктөрү:

1. Алдамчылар киреше тапканга оңой эле кепилдик беришет.

2. Сизди чакырып жаткан уюмда эч кандай продукт болбосо, бул жашырынган каржылык пирамидалар да болушу мүмкүн же продуктусу бар, бирок аларды эч ким колдонбойт.

3. Сиздин негизги милдетиңиз башка адамдарды тартуу болсо жана сиздин кирешеңиз ошол адамдар алып келген акчалардан түзүлсө, аны каржы пирамидасы деп айтса болот.

4. Эгерде жетекчилик тууралуу маалыматтар жашыруун болсо, сизге каржылык отчёттуулукту бербесе, анда ага акчаңызды салардан мурда ойлонуу керек. Ишенимдүү компанияларда бардыгы ачык-айкын болот.

5. Каржы пирамидалардын уюштуруучулары жаңы катышуучуларды каржылык көз карандысыздык жана эркиндик жөнүндө сүйлөшүп, ишенимдүү убадаларды беришет.

6. Жамааттык иш-чараларга, бардык байгелерди, жолдомолорду ойнотууларга чакырууларды кабыл албагыла.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>