Саясат таануучу Денис Борисов Кыргызстандын трансформациясына баа бердиЭмгек министрлигинин алдында Миграция маселелери боюнча департамент түзүлдүМинск шаарындагы сейил бакка орнотулат. Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасоого сынак жарыяландыКыргызстанда жасалма интеллект жараткан контентке белги коюуну (маркалоону) милдеттендирүү каралуудаБишкекте орус үйүнүн күнүнө 2000ден ашык бишкектик катыштыКыргызстандын экономикасы банк тутумунан тез өнүгүүдө: эксперттин пикири
Милиция кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды
07.10.2021 | 09:57
Ош шаардык ишки иштер башкармалыгынын кызматкери опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, пара алып жаткан жеринен А.Т. аттуу Ош шаардык милициясынын №5 шаардык милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү кармалган.
Кармалган жаран Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда УКМК тарабынан аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам тергөө иш-чаралар улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом