Милиция кызматкерлери көркөм окуп, жаштарды китеп окууга үндөштү

Милиция кызматкерлери көркөм окуп, жаштарды китеп окууга үндөштү

Милиция кызматкерлери менен курсанттар акын-жазуучулардын чыгармаларын көркөм окуу иш-чарасын уюштурушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө” жарлыгынын талаптарын аткаруунун алкагында Ички иштер министрлиги А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын жамааты менен биргеликте жаштарды китеп окууга, руханий адеп-ахлактык жактан өнүктүрүүгө жана алардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө, мекенчилдик сезимдерин күчөтүүгө үндөө максатында кыргыз элинин чыгаан жазуучуларынын жана акындарынын чыгармаларын көркөм окуу иш-чарасын уюштурушту.

Ага милиция кызматкерлери менен ИИМдин Академиясынын курсанттары катышып, Чыңгыз Айтматовдун, Аалы Токомбаевдин чыгармаларынан, Байдылда Сарногоевдин, Алыкул Осмоновдун ыр саптарынан көркөм окушту. Бул саамалыкты ички иштер органдарынын бардык аймагында өткөрүү мерчемделүүдө.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>