Ташиев менен жолугушуудан кийин нефтетрейдерлер дизелдин баасын түшүрөт

Ташиев менен жолугушуудан кийин нефтетрейдерлер дизелдин баасын түшүрөт

Нефтетрейдерлер дизель майынын баасын төмөндөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрөт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 5-августта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков жана ата мекендик нефтетрейдерлердин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөргөн. Жыйында базардагы күйүүчү майдын баасы талкууланган.

Жолугушууда Ташиев нефтетрейдерлер май куюучу жайларда дизелди жогорулатылган баада сатып жатканын айткан.

Ал нефтетрейдерлерге социалдык багыттагы баа саясатын карманууну, бааны түшүрүүнү жана мындан кийин дизелдин 1 литрин 63-64 сомдон ашпаган баада белгилөөнү сунуштаган.

УКМК билдиргендей, нефтетрейдерлер дизель майынын баасын төмөндөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө макул болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>