Милиция: Ысык-Көлдө жарандардын акча-телефонун уурдаган топ кармалды

Милиция: Ысык-Көлдө жарандардын акча-телефонун уурдаган топ кармалды

Ысык-Көлдө эс алуучулардын буюмдарын уурдап жүргөн жарандардын тобу кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, кармалгандар Бостери жана Чолпон-Атадагы эс алуу жайларынын пляждарында эс алып жаткан жарандардын акча жана телефондорун уурдоо менен алектенген. Шектүүлөр мурда соттолгондор болуп чыккан. Алар – Бишкек шаарынын 20 жаштагы К.Б., СИ., Д.И. жана Чүй облусунун 23 жаштагы Т. А. аттуу тургундары. Кармалгандардын үчөө соттун чечими менен үй камагына чыгарылган, ал эми Д.И. аттуу шектүү 2 айга камакка алынган.

Алар 8 факт боюнча уурулукка шектелүүдө. Жарандарга келтирилген материалдык зыян 310,4 миң сомду түзгөн.

Аталган фактыларга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендиги текшерилүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>