Маршруткада элге кол салган чөнтөкчүлөрдүн кармалган видеосу

Маршруткада элге кол салган чөнтөкчүлөрдүн кармалган видеосу

Бишкекте коомдук транспорттордо уурулук кылып, жүргүнчүлөргө кол салган чөнтөкчүлөр каракчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Буга чейин шаардагы кичи автобустарда резонанс жараткан уурулук фактылары болуп, алардын айрымдары видеого түшүп, соцтармактарга тараган. Алардын биринде уурулук кылууга аракет кылып, кармалып калган чөнтөкчү өзүнүн шериги менен жүргүнчүлөргө тап берип, бири аларга отвертка менен кол салганын көрүүгө болот.

Арадан 1-2 күн өтпөй, 10-августта уурулук кылууга аракет кылган чөнтөкчүлөр өспүрүмгө бычак менен жараат келтирип, качып кетишкен. Бул факт боюнча өспүрүмдүн апасы милицияга кайрылган.

Ошол эле күнү милицияга дагы бир жаран кайрылган. Ал чөнтөкчүлөр кичи автобустун ичинен телефонун уурдап алганын, аны байкап калып, аларды кармоого аракет кылганда, ага каршылык көрсөтүп, белгисиз зат менен урууга аракет кылганын, андан кийин качып кеткенин билдирген.

Аталган фактыларга байланыштуу райондук милициялар тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иштери козголгон.

Милиция каракчылык фактылары боюнча 1994-жылы туулган  К.Ж., 2005-жылы туулган А.Р., 2006-жылы туулган М.Д., 2005-жылы туулган О.И, 2001-жылы туулган Ж.К. жана 1998-жылы туулган Ч.М. аттуу жарандарды шектүү катары кармаган. Шектүүлөр камакка алынган. 2006-жылы туулган шектүү Чүйдүн Вознесеновка айылындагы №14 абакка (өспүрүмдөрдүн абагы) камалган. Шектүүлөр буга чейин ушул сыяктуу фактылар боюнча бир нече жолу соттолушкан.

Кармалгандардын үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, 6 телефон табылып алынган.

Милиция шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткандар болсо, 0 (990) 77-07-07 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Маршруткада жүргүнчүлөргө отвертка менен кол салгандар камалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>