Милициянын ардагери Барпыбек Сатувалдиев көз жумду

Милициянын ардагери Барпыбек Сатувалдиев көз жумду

Милициянын ардагери Барпыбек Сатувалдиев каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

«Ички иштер министрлиги милициянын ардагери Барпыбек Сатувалдиев кайтыш болгондугу жөнүндө суук кабарды угуп, терең кайгыруу менен кабыл алды. Агабызды акыркы сапарга узатып жатып, өз ишине күйгөн, чыгаан, улууну урматтап, кичүүгө жол көрсөткөн мыкты адам экендигин белгилейбиз», — деп билдиришти ИИМден.

Сатувалдиев Барпыбек Ажыбекович Талас облусунун Кара-Буура районунун Грозный айылында 1951-жылы 22-февралында жарык дүйнөгө келген. 1972-жылы орто мектепти бүтүргөн соң, 1972-жылдан 1974-жылга чейин Советтик армиянын катарына чакырылып, 67987 аскер бөлүгүндө айдоочулук кызмат өтөгөн. Армиядан кийин Кыргызстандын милиция кызматында кызмат өтөөнү баштаган. Ички иштер органдарындагы алгачкы кызматын 1974-1975-жылдары Фрунзе шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн 2-разряддагы милиционери болуп баштаган. Андан соң, Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө бириккен дивизион бөлүмчөсүнүн командири,  аймактык тескөөчү, ыкчам өкүл,   улук ыкчам өкүл, Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгында улук ыкчам өкүл болуп кызматын өтөгөн.

2003-жылдын 26-июнунда жашына байланыштуу ардактуу эс алууга чыккан. Жалпысынан  ички иштер органдарында 30 жыл 8 ай иштеген.

«Мындан тышкары, Барпыбек Ажыбекович 1986-жылы кызматтык милдеттерин аткарууга ак ниет мамиле жасагандыгы, оор кылмыштардын бетин ачкандыгы, коомдук коопсуздукту камсыздоого активдүү катышкандыгы үчүн «Мыкты кызматы үчүн» жана 1996-жылы «Милициянын отличниги» медалдары менен сыйланган. 1998-жылы президенттин жарлыгы менен «Ардак грамота»  менен сыйланган», — деп билдирет министрлик.

Сатыбалдиев Барпыбек Ажыбекович Кыргызстандын милициясында кызмат өтөгөн жылдары 41 жолу жетекчиликтин кылмыш ишине каршы күрөштө жетишкен ийгиликтери үчүн сыйлыктарына, анын ичинде Ички иштер министрлиги тарабынан  аты жазылган револьвер «Наган» куралына, өткөөл вымпел, акчалай сыйлыктарга ээ болгон. Кызматтык аттестацияларда анын ак ниеттүүлүгү, демилгелүүлүгү, тартиптүүлүгү, эмгекчилдиги, кайраттуулугу жана зор практикалык тажрыйбасы белгиленет.

«Ички иштер министрлигинин жетекчилиги, коллегиянны мүчөлөрү, Генералдар кеңеши, ИИМдин Ардагерлер кеңеши Сатыбалдиев Барпыбек Ажыбековичтин жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун, кош болуңуз!», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>