Милициянын камак жайында каза болгон адам сүлгүгө асынып алганы айтылды

Милициянын камак жайында каза болгон адам сүлгүгө асынып алганы айтылды

Чүй облусунун Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайында каза болгон жаран сүлгүгө асынып алган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициядан билдиришкендей, убактылуу кармоочу жайда камактагы жарандарга сүлгү алып жүрүүсүнө жол берилет.

Эскерте кетсек, буга чейин облустук милиция алдамчылыкка шектелип кармалган жаран асынып каза болгону тууралуу кабарлаган. Ал 2-апрелде кечинде асынган абалда камерадан табылган. Маркум 1983-жылы туулган У.Б. аттуу жаран болгон. Шектүү 30-мартта кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милиция билдиргендей, маркумдун сөөгүнө кароо жүргүзүлгөндө, денесинде эч кандай жаракаттар аныкталган эмес. Бул факт боюнча тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалды.

Аталган факт боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кармалганына 4 күн болгон. Сокулукта камактагы адам асынып алганы кабарланды

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>