Депутат: Сокулукта зордукталган кызды бузуку катары көрсөтүү аракети көрүлүүдө

Депутат: Сокулукта зордукталган кызды бузуку катары көрсөтүү аракети көрүлүүдө

Сокулукта 9 эркек тарабынан зордукталган 13 жаштагы кызды бузуку катары көрсөтүү  аракети көрүлүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева билдирди.

Ал милиция жана прокуратура органдарын бул маселе олуттуу кароого чакырды.

«Аны 9 эркек зордуктаганы, милиция учурунда иш козгобогону аз келгенсип, эми кыз өзү тигиндей-мындай деп жатышат. Биздин коомдо мындай нерсе болбошу керек. Жашы жете элек кызга эркек жолобош керек. Прокуратура кайсы жакты карап турат? Түшө тургандан деңгээлден дагы ылдый түшүп кеттик», — деди эл өкүлү.

Эскерте кетсек, 20-мартта Акыйкатчы институту Сокулукта 9 эркек 13 жаштагы кызды дээрлик бир жыл зордуктап келгени тууралуу билдирген.

22-мартта укук коргоочу Назгүл Турдубекова өспүрүм кыздын үй-бүлөсү мындан ары өз айылында жашай албай тургандыктан, башка жерге көчүп кетүүгө аргасыз болуп жатканын кабарлаган.

Чүйдөгү өспүрүм кыздын зордукталышы. Эки шектүү камакка алынды, бирөө качып жүрөт

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>