Баткенде күйөөсү аялын көчөдөн муунтуп өлтүргөн

Баткенде күйөөсү аялын көчөдөн муунтуп өлтүргөн

Баткенде аялын муунтуп өлтүрүүгө шектелип күйөөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 2-январда болжол менен саат 15:00до Ирелеш айылында болгон. Күйөөсү аялы менен уруша кетип, аны көчөдөн муунтуп өлтүргөн. Маркум 22 жаштагы А.К. болгон.

Окуя жерине ыкчам-тергөө тобу барып, маркум аялдын сөөгүнө сырттан кароо жүргүзүлгөн. Жаш келиндин сол көзүндө көгала так жана кол менен муунткандын издери калган.

Учурда шектүү кармалып, ага Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 1-бөлүгү (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү (Г.Ж.) камакка алынган.

Turmush басылмасы маркум келиндин жакындарына шилтеме келтирип, күйөөсү аялын өлтүргөнгө чейин 3 күн сабаганын жазып чыкты. Аял ур-токмокко кабылгандан кийин жакындарына жардам сурап кайрылган, бирок андан натыйжа болбогондуктан үйдөн качып чыккан. Ошол учурда күйөөсү аркысынан эшикке чыгып, көчөдөн сабаган. Андан кийин муунтуп өлтүргөн.

Агасынын айтымында, 23 жаштагы келинди күйөөсү мурда да уруп жүргөн. Анын айынан бир жолу ооруканага да жатып чыккан. Маркум келин 1-топтогу майып болгон.

«Карындашым дүлөй, сүйлөй албайт болчу. Жолдошу да ошондой өзүнө окшош эле. Ал Кара-Суудагы майыптыгы бар балдарды окуткан интернатта билим алды. Ал жерде 16 жашка чейин эле окутат. Андан кийин өзү таанышкан, азыркы күйөөсүнө турмушка чыккан эле. Тең-теңи менен деп күйөөгө бергенбиз. Буга чейин да чыр-чатак көп болуп, анын ур-токмогунан бир жолу ооруканага да жатып чыккан», — дейт ал.

Анын айтымында, карындашы аларга январдын башында күйөөсү менен урушуп жатканын айткан. Бирок алар дайымкы эле уруш деп маани берген эмес.

Маркумдун жакындары өлтүргөн адамдын мыйзамга ылайык жазасын алуусун суранат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>