«Көлбаев менен байланышы болгон». УКМК Данияр Үсөновдун уулун издөөгө алды

«Көлбаев менен байланышы болгон». УКМК Данияр Үсөновдун уулун издөөгө алды

Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөновдун уулу Мурат Үсөнов издөөгө алынды.

УКМК билдиргендей, маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу жол менен тапкан байлыгын адалдоо фактысын иликтөө учурунда Мурат Үсөновдун кылмыштуу кирешени адалдоо жана уюшкан кылмыштуу топту каржылоого катыштыгы бар экени аныкталган.

Атайын кызмат белгилегендей, Мурат Үсөнов Көлбаевдин кылмыштуу ишмердигин жана ишкерлерди опузалоо, рэкет жолу менен акча аларын билип туруп, 2018-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтогу адамдар менен бирге бизнес жүргүзгөн. Мурат Үсөнов Көлбаев менен Ысык-Көлдөгү «Каганат» пансионатынын аймагында жайгашкан Flamingo Bay рестораны менен White түнкү клубуна ээлик кылган. Ошондой эле Көлбаевге таандык болгон «Ордо» соода-оюн-зоок комплексинин үчүнчү кабатында түнкү клуб ачууну пландаган. Ага акча да салып койгон.

«М.У. (Мурат Үсөнов – ред.) ресторан бизнеси тармагындагы башкаруучу компанияга ээлик кылат. Ал компания Бишкек шаарындагы «Асман», Social Coffe, Urban, Sushi Room, Red cow, Cakes/bubbles, My shisha, Aroma, «Тесто Место» сыяктуу жалпы 11 мекемени тейлейт. Компания тапкан кирешенин бир бөлүгү уюшкан кылмыштуу топту каржылоого жумшалган.

Андан тышкары М.У. (Мурат Үсөнов – ред.) — Aiza Hospitality компаниясынын ээси. Ал компания Дубайдагы кымбат райондо жайгашкан SAYA Brasserie ресторандар түйүнүнө кирген 5 ресторанды (MURA, Eva Beach Restaurant, Patriki, Daily Huqqa, Milky Jar) жана Алматыдагы Soccial Group Almaty ресторандар түйүнүнүн 5 ресторанын (Eva Terrace, Urban, Local, Daily coffee жана Mongol bar) башкарат», — деп айтылат маалыматта.

УКМКнын маалыматы боюнча, тапкан кирешелерин жашыруу максатында Мурат Үсөнов менен жакындары мүлктөрүн өз тааныш-билиштерине каттаткан. Атайын кызмат Чүй облусунун аймагынан эле аларга таандык 180ден ашык жер тилкесин тапркан. Ошондой эле Көлбаевге таандык болгон “Каганат” эс алуу борборунда коттедждери болгон.

Мурат Үсөновго 17-январда Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) боюнча сыртынан айып тагылып, издөөгө алынган.

Эскерте кетсек, Кыргызстанды мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөнов 2010-жылдын 7-апрелиндеги төңкөрүштөн кийин өлкөдөн качып кеткен. Ал учурда Беларуста Даниил Урицкий деген ат менен жашап жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>