Миңдеген чакырым жол, жүздөгөн мектеп. Жапаров Кыргызстан тарыхый жолду басып өткөнүн айтты

Миңдеген чакырым жол, жүздөгөн мектеп. Жапаров Кыргызстан тарыхый жолду басып өткөнүн айтты

Өлкө калкы Министрлер кабинетинин ишин колдойт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттик администрациянын кызматкерлери менен болгон жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, эл бардык тармакта иштер жакшырып баратканын көрүүдө жана сезүүдө.

«Бизден темирдей эркти, дыкат тартипти, кынтыксыз эмгекти, чыныгы чечкиндүүлүктү, кайраттуулукту жана тарыхтын агымын өзгөртө турган иш-аракеттерге даярдуулукту талап кылган элибиздин бул “ишеним цифраларын” сактап, мындан ары дагы арттырышыбыз керек. Учурда бизден профессионалдуулук менен гана чектелбестен дагы көп нерсе талап кылынат. Биз тарыхый этапты басып өттүк – өлкөнүн ИДПсы 1 трлн 229 млрд сомду (13 млрд 981 млн АКШ доллары) түздү, бул өткөн жылдардагы көрсөткүчтөн бир топ жогору», — дейт ал.

Ал ошондой эле адам башына ИДПнын көлөмү дээрлик 2 миң долларды түзсө, 2020-жылы ал болгону 1230 долларды түзгөнүн кошумчалады.

“Миңдеген чакырым жол салынып, жүздөгөн мектептер ачылууда, жолчулар, энергетиктер үчүн атайын техникалар сатылып алынууда, ӨКМ жана шаарлар коомдук транспорт менен толук камсыз кылынууда, бардык аймактарда аэропорттор курулууда, өлкө вертолеттор жана самолеттер менен камсыз болду”, – деп белгилеген Акылбек Жапаров.

Минкабтын төрагасынын айтымында, фискалдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн реформалар дыкат иликтенип, илимий жактан негизделген.

«Ал башаламан эмес. Алар дыкат текшерилген, илимий негизделген ыкмалар менен колдоого алынган жана фискалдык кызматтардын практикалык тажрыйбасы менен иштелип чыккан”,– деди ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>