Министр А.Бейшеналиев Ысык-Көлдөгү окуу жайларга барды

Министр А.Бейшеналиев Ысык-Көлдөгү окуу жайларга барды

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, министр иш сапарынын алкагында билим берүү мекемелерин кыдырууну Ысык-Көл мамлекеттик университетинен башталды. Анда министр мекеменин окутуучу курамы, окутуунун жүрүшү, материалдык-техникалык базасы жана илимий лабораториялар менен таанышты. Кыдыруу учурунда Алмазбек Бейшеналиев жогорку окуу жайдын ректоруна стартап борборлорду түзүүнү тапшырды.

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети – аймактагы алдыӊкы жогорку окуу жайы. 1940-жылдан бери студенттерге билим берип келген университеттин курамына 8 факультет кирет.

Сабактар 7 окуу корпусунда жүргүзүлүп, аларда 142 окуу аудиториясы, 49 окуу-методикалык кабинет, 14 лекциялык зал, 20 компьютердик жана 6 мультимедиялык класстар бар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>