Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылдыИран Ормуз кысыгын ачуу үчүн АКШга жети шарт койду«2028-жылы баарыңыздарды күтөбүз»: Татарстандан келген ансамбль кыргызстандыктарга кайрылуу жасады«Vefa» соода борборунда эскалатордон кулап түшкөн бала ооруканадан чыгарылдыБРИКС өлкөлөрү Нью-Дели декларациясын бир добуштан кабыл алышты — негизгилери13-сентябрь: Кыргызстанда абанын табы +33°C чейин ысыйт, тоо этектеринде кыска мөөнөттүү күн күркүрөшү мүмкүн
Энергетика министри: Быйыл сырттан келген көмүрдү албайбыз
17.05.2022 | 13:40
Кыргызстан быйыл ташылып келген көмүрдөн баш тартып, жергиликтүү “Кара-Кечеге” артыкчылык берет. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев Бишкекте өткөн тегерек столдо билдирди.
Анын айтымында, кээ бир ишканалар республикада көмүрдү кымбат сатууга аракет кылып, Энергетика министрлигинен баш тарткан.
“Кара-Кече Бишкек ЖЭБнин көмүр менен камсыздайт. Өлкөдөн ташылып келген көмүрдү сатып алууга 32 миллион сом сарпталат, муну алып салдык, эми акча бизде калат. Бул кошумча жумуш орундарын түзөт. Албетте, Кара-Кеченин калориясы аз, бирок көлөмү көбүрөөк болот. Ата мекендик өндүрүштү колдойбуз”, – деди министр.
Ал белгилегендей, былтыр ушул маалда ЖЭБде 100 тонна көмүр калса, быйыл калган көмүрдүн көлөмү 280 тоннаны түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика