Министр А.Бейшеналиевдин иши боюнча жаңы жагдайлар ачыкталды. Видео

Министр А.Бейшеналиевдин иши боюнча жаңы жагдайлар ачыкталды. Видео

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айланасындагы окуялар боюнча жергиликтүү телеканалдардын бири “Махабат үчүн мамлекеттик машина” аттуу сюжет жарыялады.

Анда Жети-Өгүз айондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун мурдагы жетекчиси Эсенбек Сатылканов министр Алымкадыр Бейшеналиев менен көз карашы келишпей калганына эки себеп болгонун билдирген. Биринчиси — медициналык кызматкерлердин күнүнө карата сыйлык бөлүштүрүү жана экинчиси  — министрдин кеңешчиси Мээрим Тилекованын жакын тууганын айдоочулук кызматка албай койгону.

Бакыт аттуу жигит министр Бейшеналиевден келгенин айтты. “Буйрук чыгарып, мени батыраак айдоочу катары жумушка алгыла. Министр бизге жаңы унаа берди, ошону Бишкекке барып айдап келишим керек” деди. Бизде айдоочу бар болгондуктан, мен тиешелүү буйрук чыгарбай койгом. Ал жигит министрдин кеңешчиси Мээрим Тилекованын жакын тууганы болуп кетет экен”, — деди Эсенбек Сатылканов.

Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын эсебинен жалпысынан 69 унаа сатылып алынган, анын ичинен 17 унаа Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына тапшырылып, калган унаалар аймактарга  планга ылайык бөлүштүрүлмөк.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>