Кыргызстандын прокурорлору толугу менен ротацияланды. Тизме

Кыргызстандын прокурорлору толугу менен ротацияланды. Тизме

Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик кызматкерлерди ротациялоо жөнүндөгү жарлыгын аткаруунун алкагында Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин буйругунун негизинде республиканын прокурорлору 100% ротацияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Ротация төмөндөгүдөй болду:

Аскер прокуратура органдары боюнча:

Бишкек гарнизонунун аскер прокурору — Эрматов Өмүрбек Ташиевич;

Ош гарнизонунун прокурору — Тентиев Марс Жанышбекович;

Жалал-Абад гарнизонунун прокурору — Сейдахматов Рустамбек Зоданбекович;

Балыкчы гарнизонунун прокурору — Сангимамат уулу Алмамбет.

Бишкек шаарынын прокурору — Нишанбаев Нурлан Шакарбекович;

Чүй облусунун прокурору — Каримов Эмир Каримович;

Нарын облусунун прокурору — Аттокур уулу Алтынбек;

Жалал-Абад облусунун прокурору — Киязов Алмаз Кемелбекович;

Ош шаарынын прокурору — Бектурганов Малик Маамыталиевич;

Ош облусунун прокурору — Асаналиев Максат Кубатович;

Толук тизме Башкы прокуратуранын расмий сайтына жарыяланды. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ротация

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>