Министрлер кабинети 450 млн сомго электромобилдерди сатып алат

Министрлер кабинети 450 млн сомго электромобилдерди сатып алат

Министрлер кабинети электромобилдерди сатып алууга 450 миллион сом жумшайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, электромобилдерди сатып алуу 2022-жылдын аягына чейин пландалууда.

«Электромобилдерди алып жатканыңызга кубандым, бирок декабрь айынын аягында 450 миллион сом коротконуңуз… Же алар сатылып алынганбы? Бул чыгымдарды 2023-жылга которуу мүмкүнбү? Бул унаалар кимге керек болот, ким айдайт? — деп сурады парламентарий.

Ал түшүндүргөндөй, быйыл электромобилдерди 45 миллион сомго, 2023-жылы 405 миллион сомго сатып алуу пландалууда.

Каржы министрлигинин башчысы Алмаз Бакетаев “чынында айрым документтерге кол коюлган” деп жооп берди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев бардык министрликтер электромобилдер менен камсыз болоорун билдирди.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>