Садыр Жапаров референдум жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясына кол койду

Президент Садыр Жапаров 8-июлда «Референдум жөнүндө» конституциялык мыйзамдын жаңы редакциясына кол койду.
Документке ылайык, референдумга КР Конституциясынын долбоорлору, мыйзамдар (анын ичинде Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө), ошондой эле башка мамлекеттик маанидеги маселелер чыгарылышы мүмкүн.
Референдумга коюлган маселе анын мааниси эки ача түшүнүлбөй тургандай жана ага бир гана так жооп берүүгө мүмкүн болгондой түзүлүшү керек.
Референдумга төмөнкү маселелер чыгарылышы мүмкүн эмес:
- согуш жана тынчтык;
- президенттин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу же узартуу;
- президенттин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын мөөнөтүнөн мурда шайлоосун дайындоо же мындай шайлоолорду өткөрүү мөөнөттөрүн жылдыруу;
- салыктарды жана жыйымдарды киргизүү, өзгөртүү жана жокко чыгаруу, ошондой эле аларды төлөөдөн бошотуу;
- тарифтер;
- мамлекеттин светтик мүнөзүн, КРнын унитардуулугун жана аймактык бүтүндүгүн өзгөртүү;
- КРнын административдик-аймактык түзүлүшү жана чек аралары;
- аскердик же өзгөчө абал киргизүү;
- республикалык бюджетти кабыл алуу жана өзгөртүү;
- мамлекеттик бийликтин өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдарынын кызмат адамдарын шайлоо, дайындоо жана бошотуу менен байланышкан маселелер;
- амнистия жана ырайым кылуу.
Референдум Кыргызстандын бүткүл аймагында же айрым жерлеринде киргизилген аскердик же өзгөчө абал учурунда өткөрүлбөйт.
Мазмуну же мааниси боюнча окшош маселе боюнча кайра референдум мурунку референдумдун жыйынтыгы расмий жарыялангандан кийин бир жыл ичинде өткөрүлбөйт.
Референдум өткөрүү жөнүндө чечим
Президент Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумду өз демилгеси менен, 300 миңден кем эмес шайлоочунун демилгеси менен же Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын 2/3 бөлүгүнүн демилгеси менен дайындайт.
Президент Конституциянын биринчи, экинчи жана бешинчи бөлүмдөрүнүн жоболоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселелери боюнча референдумду өз демилгеси менен, 300 миңден кем эмес шайлоочунун демилгеси же Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын 2/3 бөлүгүнүн демилгеси менен дайындоо чечимин кабыл алат.
Президент башка мамлекеттик маанидеги маселелер боюнча референдумду өз демилгеси менен, 300 миңден кем эмес шайлоочунун демилгеси же Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн демилгеси менен дайындоо чечимин кабыл алат.
Референдум дайындалган учурдан тартып анын жыйынтыктары расмий жарыяланганга чейинки мезгилде жогоруда аталган тараптар жаңы референдум өткөрүү демилгеси менен чыга алышпайт.
Референдум президенттин жарлыгы менен дайындалат. Жарлыкта референдум өткөрүү күнү жана референдумга коюла турган маселенин (маселелердин) түзүлүшү аныкталат. Мында референдум өткөрүү күнү жарлык күчүнө кирген күндөн тартып төрт айдан кеч эмес каалаган дем алыш күнүнө дайындалышы мүмкүн.
Референдум өткөрүүдө аралыктан электрондук добуш берүү колдонулушу мүмкүн. Аны өткөрүү чечими референдумду дайындоо учурунда кабыл алынат.
Референдумда кабыл алынган чечим жалпыга милдеттүү болуп саналат, кошумча бекитүүгө муктаж эмес жана КРнын бүткүл аймагында колдонулат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин — 21-июлда күчүнө кирет. Борбордук шайлоо комиссиясына өзүнүн ченемдик укуктук актыларын мыйзамга ылайык келтирүү тапшырылды.