Министрлик: 10 айда вирустук гепатиттин 6600 учуру катталды

Министрлик: 10 айда вирустук гепатиттин 6600 учуру катталды

Ушул жылдын 10 айына карата республика боюнча вирустук гепатиттердин биринчи жолу болуп 6600 учуру катталды. 2018- жылы бул көрсөткүч 7200дү түзгөн.Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, бул жылы оорунун төмөндөшү байкалууда.

Вирустук гепатит “А”

Вирустук гепатиттердин ичинен гепатит “А” 93,6% түзөт. Вирустук гепатит “А” оорусуна чалдыккандардын ичинен 87,4% 14- жашка чейинки балдар (5400 учур), калган 12,6% чондор түзгөн. Вирустук гепатит “А” оорусунун булагы болуп оорулуу адам эсептелинет, оору байланыш-тиричилик жолу менен тазалыкты сактабаган учурларда, кир кол, кир суу, ошондой эле тамак-аш азыктары аркылуу жугушу мүмкүн. Оору сезондук болуп мүнөздөлөт, ошол себептен жогорку көрсөткүчтөр күз-кыш мезгилинде катталат.

Вирустук гепатиттин «В» түрү

2019-жылдын 10-ай аралыгында курч вирустук гепатиттин «В» түрүнүн  2018-жылдагы катталган 275 учурга каршы 204 учур катталып, оорунун 27,3% төмөндөшү байкалууда.

Ооругандардын ичинен 98% 20-жаштан жогоркулар түзөт. Инфицирленген кан жана аны менен байланышкан суюктуктар — шилекей, бел суу ж.б. вирустук гепатит  В, С вирустарынын жугуу жолдору болуп эсептелет.  Жугуу жолдору табигый жана жасалма болот.

Вирустук гепатиттин «В» түрү менен ооруну стабилизациялоо максатында 2000-жылдан баштап Улуттук алдын-ала эмдөө  календарына жаңы төрөлгөн балдарды гепатиттин «В» түрүнө каршы эмдөө киргизилген. Натыйжада 16-жашка чейинки балдар арасында эмдөөнүн толук курсун алган балдар арасында  курч вирустук гепатиттин «В» түрү менен оорунун ылдыйлашы 100% байкалган.

Өкмөттүн 2012-жылдагы токтому жана  саламаттык сактоо министрлигинин  2015- 2018-жылдардагы буйруктарынын негизинде кан менен байланышта болгон бардык медициналык кызматкерлер вирустук гепатиттин  «В» түрүнө каршы эмделиши керек.

Вирустук гепатиттин «С» түрү

2019-жылдын 10-ай аралыгында республика боюнча курч вирустук гепатиттин «С» түрүнүн  44 учуру  катталды, ал эми  2018-жылы 50  учур катталган.

Вирустук «С» гепатити боюнча негизги тобокел топтор болуп наркотиканы ийне менен сайынгандар,   жана секс-кызматкерлери (СК) саналат. Вакцинанын жана дарылоонун эффективдүү чараларынын жоктугу, инфекцияга каршы көзөмөл жүргүзүүнү татаалдаштырат. Адабият чагылдырылуусу боюнча оорунун клиникалык белгилери болгону 10-15% чыгат,  калган учурларда оорунун белгилери байкалбайт, ушундан улам оорулуулар өзүнүн оору статусунан кабарсыз болуп, медициналык жардамга кайрылышбайт. 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>