АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Талас облусуна 30 электробус сатып алынат
18.05.2026 | 11:14
Талас облусунда калкты коомдук транспорт менен камсыздоо максатында «Yutong» компаниясынын 30 электробусун сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев билдирди.
Анын айтымында, автобустарды лизинг жолу менен сатып алууга президент тарабынан 180 миллион сом бөлүнгөн.
Маалыматка ылайык, электробустар кубатталгандан кийин 200 чакырым аралыкка чейин жүрө алат. Буга чейин аталган техниканы сыноодон өткөрүү иштери жүргүзүлгөн.
Жакынкы күндөрү тиешелүү келишим түзүлүп, электробустар эки айдын ичинде Талас облусуна жеткирилет. Жаңы автобустарды өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата пайдаланууга берүү пландаштырылып жатканы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом


