Кезек күтүүсүз экология: Кыргызстанда Жаратылыш ресурстары министрлигинин кызматтарын төлөө кантип жөнөкөйлөтүлдүБааларды жөнгө салуу тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдүИсламдык каржылоону жөнөкөйлөтүү пландалууда. Жарандык кодекске өзгөртүүлөр үчүнчү окуудан өтүүдөЖеке маалыматтарды бузуу үчүн айып пулдар Цифралык кодекске шайкеш келтирилетКыргызстанда провайдерлерди колдонуучулардын маалыматтарын ачыктоого милдеттендиришет – кенен маалыматЖогорку Кеңешке Того менен инвестицияларды коргоо боюнча макулдашуу киргизилди
Министрлик: Дагы 13 медицина кызматкерине коронавирус жукту
08.04.2020 | 10:28
8-апрель күнү коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталган 42 адамдын 13ү медицина кызматкерлери. Бул тууралу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.
Алар Бишкекте ЦГСНде 1, Ош шаардык инфекциялык ооруканада 8 (4 дарыгер жана 4 медайым), “Азия кардио” борборунда 3 (дарыгер жана 2 медайым).
Кечээ, 7-апрелде 7 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алгандыгы белгилүү болгон.
Бүгүнкү күнгө карата ооруну жуктуруп алган медиктердин жалпы саны 32 адамга жетти. Алардын ичинен Бишкекте 4, Ош облусунда 20, Жалал-Абад облусунда 7, Баткен облусунда 1 дарыгер ооруну жуктуруп алган.
Ал эми коронавирус илдети Кыргызстанда 270 адамга жукту. Алардын 35и сакайып чыгып, 4 адам каза болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом