Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды
Чүй — Гоголь кесилишиндеги жол кырсыгы: Mercedes жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, беш адам жабыркады
15.08.2026 | 18:04

Бишкекте Чүй проспектиси менен Гоголь көчөсүнүн кесилишиндеги жол кырсыгынын кесепетинен алдын ала маалымат боюнча беш адам жабыркады. Бул тууралуу МККБнын (Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы) басма сөз кызматынан билдиришти.
Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсык 15-августта саат 16:00лөр чамасында болгон.
Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу Чүй проспектиси менен чыгыш багытында бара жатып, Гоголь көчөсүнүн кесилишинде Honda CR-V унаасы менен кагылышкан. Кагылышуудан кийин Mercedes-Benz жолдон чыгып кетип, тротуардагы жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп алган. Жол кырсыгынын кесепетинен беш адам жабыркады: үч жөө жүргүнчү, ошондой эле Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү.
Учурда милиция кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын тактап жатышат. Жол кырсыгы фактысы боюнча тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды.
Окуя болгон жерде Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын (МККБ) жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) кызматкерлери иштеп жатышат.