Министрлик: Дарыгерлерди ташууга 350 унаа ишке тартылды

Министрлик: Дарыгерлерди ташууга 350 унаа ишке тартылды

Медицина кызматкерлери тоскоолдуксуз жана өз убагында жумуш ордуна келип, кайра үйлөрүнө жетүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, азыркы учурда, медкызматкелерди ташып жүрүү үчүн 350дөй автоунаа ишке тартылып, маршруттук баракчалары даярдалды.

Бүгүнкү күндө төмөнкү саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерин ташып жеткирүү ишке ашырылууда: Улуттук эне жана баланы коргоо борбору, Улуттук госпиталь, Улуттук онкология жана гематология борбору, М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору, Жүрөк хирургиясы жана органдарды көчүрүү илим изилдөө институту, Улуттук фтизиатрия борбору,  Улуттук хирургия борбору, Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борбору, Республикалык кан борбору, ошондой эле Бишкек шаарындагы Үй-бүлөлүк медицина борборунун жана Тез медицина борборунун дарыгерлери.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>