Айыл чарба министрлиги картошканын баасы дайыма эле жогору болбошун эскертип, дыйкандарга картошканын эгүү аянтын кеңейтпөөнү сунуштады.
Маалыматта айтылгандай, былтыркы жылы картошка 66,4 миң гектарга отургузулуп, дүң жыйым 1 млн 190 миң 200 тоннаны түзгөн. Натыйжада бул жылы картошканын баасы 45-60 сомду түзүп, дыйкандар жогорку киреше алышкан.
Министрлик картошканын баасынын өсүшү ЕАЭБ жана коңшу өлкөлөрдө картошкага муктаждык жогору болгондуктан улам көтөрүлгөнүн билдирди. Мындан улам ЕАЭБ жана коңшу өлкөлөрдө картошканын эгилген аянты көбөйүшү мүмкүн.
«Министрлик өлкөбүздүн дыйкан-фермелерине быйылкы жылы картошканын аянтын былтыркыдан (66,4 миң гектардан) ашырбоону сунуштайт. Анткени, эгер дыйкандарыбыз быйыл баа жогору болду деген негизде көбүрөөк айдап, аянтын көбөйтүп жиберишкен шартта картошканын баасы төмөндөп, дыйкан-фермерлердин кирешеси азайып кетүүсү мүмкүн»,- деп айтылат маалыматта.