СИЗО-1де бир адам коронавирус жуктурганы аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
Үсөнбаевдин маалыматына ылайык, ал дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктургандар жалпы саны 906га жетти.