Мирбек Атабековдун жубайы жол кырсыкка кабылды

Мирбек Атабековдун жубайы жол кырсыкка кабылды

Ырчы Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлөпберген Америка Кошмо Штаттарынын Филадельфия шаарында жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу ал Twitter′деги баракчасына жазды.

Анын айтымында, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Унаанын алды жагы, багажниги жапа чеккен.

«Экинчи унаанын айдоочусу аралыкты сактаган эмес. Ал күнөөнү өзүнө алды. Ызы-чуусу жок тарап кеттик. Эми камсыздандыруу компания териштирет», — деп жазган Мээрим Төлөпберген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>