Мирлан Бакиров депутаттык мандатын тапшырды

Мирлан Бакиров депутаттык мандатын тапшырды

Мирлан Бакиров депутаттык мандатын тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп, депутаттык ишин аткарууга айкалышпаган жумушка өтүүсүнө байланыштуу ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

Аталгандай чечим бүгүн, 1-апрелдеги Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынган.

Мирлан Бакиров 2015 – жылы «Өнүгүү — Прогресс» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп мандат алган. 2018 — жылы Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп шайланган..

2020-жылдагы парламенттик шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясын жетектеп катышкан.

Эки күн мурун 30-мартта Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>