Кыргызстанда оор кылмыш жасаган адам Москвада кармалды

Кыргызстанда оор кылмыш жасаган адам Москвада кармалды

Өлкөдө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн шектүү Москва шаарында кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1993-жылы Жалал-Абад облусунда туулган жаран, Таш-Көмүр шаарында «ден соолукка зыян келтирүү» беренеси менен издөөдө жүргөн.

Ал 2020-жылы күзүндө Жалал-Абад облусунун калктуу конуштарынын биринде башка белгисиз жарандар менен биргеликте жергиликтүү тургунду эч себеби жок сабап, денесине зыян келтирген. Андан кийин качып кеткен.

Тергөөдө кармалган жарандын дагы башка кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталган.

ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү өз өлкөсүндө укук коргоо органдары тарабынан ар кандай жасаган кылмыш иштери үчүн изделип, Орусияда жашырынып жүргөн кылмышка шектүү адамдарды издөө жана кармоо боюнча иштерди улантып жатканы кабарланат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>