Мобилизация башталгандан бери Россиядан 700 миң киши чыгып кетти

Мобилизация башталгандан бери Россиядан 700 миң киши чыгып кетти

Владимир Путин 21-сентябрда аскердик мобилизация жарыялагандан кийинки эки жума аралыгында Россиядан 700 миңдей киши чыгып кетти. Бул тууралуу Forbes журналы Россиянын президентинин администрациясындагы өз булагына таянуу менен билдирди.

Кремлдеги маалыматтар менен тааныш булак мобилизация башталгандан бери өлкөдөн 1 млн киши чыгып кеткенин кабарлаган. Бирок администрациядагы башка бир булак кеп 600-700 миң орусиялык жөнүндө болуп жатканын айткан. Ошол эле маалда алардын канчасы туризм максатында чыкканын аныктоо кыйын экенин белгилеген.

Буга чейин Казакстандын ички иштер министри 21-сентябрдан бери өлкөгө 200 миңдей орусиялык киргенин, алардын 147 миңи Казакстандан чыгып кетүүгө үлгүргөнүн маалымдаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>