Печенье жүктөлгөн фургонду айдап качып, өтүп бараткандарга таратып берген жаран кармалды«Бишкек Аренанын» расмий ачылышы 5-октябрга белгилендиМектептерде профилдик окутуу этап менен киргизилет. Ал кандайча болот?Бишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына билеттерди сатуу башталдыОпузалап акча талап кылууга шектелип Ысык-Көл токой чарбасынын инженери кармалдыКыргызстан жети айда 746,7 тонна балык экспорттоду
Момбеков: мен сабабай эле, мага кол салуу болгон
04.09.2021 | 15:56
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков таксистти сабады деген малыматты жергиликтүү басылмалар аркылуу төгүнгө чыгарды.
“Ал жол эрежесин бузду. “Коопсуз шаардын” камераларынан караса болот. Мен машинеден түшкөн эмесмин”, – деген Момбеков.
Ошондой эле ал 3-сентябрда саат 16.30 чамасында өзүнө кол салуу болгонун белгилеген. BMW машинесинин айдоочусу жолун тороп, терезеден үч-төрт жолу муштаганын айткан депутат муну “шайлоо астындагы чагым” деп баалаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Буга чейин Чүй, Тоголок-Молдо көчөлөрүнүн кесилишинен жан сакчысы экөөнүн таксистти сабап кеткенидиги боюнча маалымат тарап кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат