Монополияга каршы кызмат: Кыргызстандагы баалар эң жогору эмес — уй эти жана бензин боюнча маалыматтар

08.05.2026 | 12:24

Кыргызстандын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы социалдык тармактарда өлкөдөгү азык-түлүккө, коомдук тамактануу кызматтарына жана күйүүчү майга болгон баалардын өтө жогорку деңгээли тууралуу тарап жаткан билдирүүлөрдү четке какты.

Эл аралык Numbeo платформасынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда уй этинин килограммы болжол менен 8,5 доллар турат — бул аймактагы эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бири. Салыштыруу үчүн: Казакстанда — 8,72 доллар, Орусияда — 10,90, Арменияда — 12,28, Түркияда — 20,01 доллар. Швейцарияда уй этинин килограммы 45,75 доллар турат.

Күйүүчү майдын баасы боюнча да көрүнүш ушундай эле. Бишкекте АИ-92 бензини 78,40 сом, АИ-95 — 84,40 сом, дизель отуну — 90,80 сом, суюлтулган газ — 43,40 сом турат. Өзүнүн мунай өндүрүшү бар Казакстан менен Орусияда гана күйүүчү май арзан. Ошол эле учурда Арменияда, Тажикстанда жана Өзбекстанда КММнын (күйүүчү-майлоочу май) баасы Кыргызстандыкына караганда байкаларлык жогору. Ал эми Орусияда дизель отуну айрым учурларда Кыргызстанга караганда да кымбат.

Кызмат ошондой эле Бишкекте пенсионерлер, ардагерлер, көп балалуу үй-бүлөлөр жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн «Евразия» социалдык дүкөндөр тармагы өнүгүп жатканын белгиледи. Социалдык карта боюнча арзандатуулар 40%га чейин жетет, ассортимент биринчи кезектеги керектелүүчү товарлардын 100дөн ашык аталышын камтыйт.

Мекеме бааларга мониторинг жүргүзүүнү жана алардын негизсиз өсүшүн алдын алуу боюнча ишти уланта турганын баса белгиледи.

Scroll to Top