Борбор Азия өлкөлөрү сугат мезгилинде Токтогул ГЭСинен суу берүүнүн көлөмүн макулдашты

08.05.2026 | 13:00

Ташкент шаарында Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын суу-энергетика тармактарынын министрлеринин сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Анда жакынкы эки айда Токтогул суу сактагычынан суу чыгаруунун көлөмү жана режими макулдашылып, үч тараптуу протоколго кол коюлду. Бул тууралуу Казакстандын Энергетика министрлиги билдирди.

Кыргызстан тараптан сүйлөшүүлөргө энергетика министри Таалайбек Ибраев катышкан. Ал эми Казакстан делегациясын энергетика министри Ерлан Аккенженов жана суу ресурстары жана ирригация министри Нуржан Нуржигитов жетектеген. Өзбекстан тараптан энергетика министри Журабек Мирзамахмудов жана суу чарба министри Шавкат Хамраев катышкан.

Жыйындын жүрүшүндө негизги маселе катары жазгы сугат мезгилинде түштүк аймактарды суу менен камсыздоо маселеси каралган. Кол коюлган протокол Токтогул ГЭСинен сууну белгиленген график боюнча чыгарууну камсыздайт.

“Бул келишим Казакстан жана Өзбекстан фермерлерине сугат иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүгө шарт түзөт”,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле тараптар агрардык сезон аягына чейин суу менен камсыздоону этап-этабы менен жөнгө салууну макулдашышкан. Кийинки жолугушуу июнь айынын ортосунда Бишкек шаарында өтөт. Анда июль, август жана сентябрь айларына карата суу чыгаруу көлөмдөрү такталат.

Казакстандын Энергетика министрлигинин маалыматында, 2025-жылдын сентябрынан 2026-жылдын апрелине чейин өлкө Кыргызстанга 1,56 млрд кВт·сааттан ашык электр энергиясын жеткирген.

Scroll to Top