Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Кара-Сууда «Салам Ош – 2026» туристтик фестивалы өтөт
08.05.2026 | 12:10

21-майда «Салам Ош – 2026» аттуу VII эл аралык туристтик фестиваль өтөт. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.
Иш-чара Кара-Суу районунун Беш-Мерген жайлоосунда өтөт. Ага миңден ашык жергиликтүү жана чет элдик коноктордун катышуусу күтүлүүдө.
Фестивалда катышуучуларга кооз жаратылыш койнунда кыргыздын жайлоо маданияты, боз үй турмушу көрсөтүлөт. Ошондой эле концерттик программа жана улуттук этнооюндар уюштурулат.
Бул ири иш-чара Ош облусунун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн, анын табигый жана тарыхый кооздуктарын дүйнөгө кеңири таанытууга, ошондой эле аймакта туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган.
Уюштуруучулар ар бир жаранды жана туристтерди бул өзгөчө майрамга катышууга чакырды.