Москва бийлиги Кыргызстандан 500 тазалык жумушчуларын алып кеттиби?

Москва бийлиги Кыргызстандан 500 тазалык жумушчуларын алып кеттиби?

Москвада кыш мезгилинде тазалык жумушчулары жетишпей, Кыргызстандан атайын учак менен 500 адамды алып кетти деген маалымат тараган. Мындай маалымат чындыкка дал келбей турганын Москванын Борбордук округу билдиргенин «Фергана» басылмасы жазды.

«Бул маалымат ишенимсиз жана чындыкка дал келбейт», — деди префектура Таганский муниципалдык округунун башчысы Илья Свиридовдун Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган суроосуна жооп берип жатып.

Мындай маалыматтын чыгып кетишине Москва-24 телеканалынын окуясы себеп болгон. Анда Орусиянын борборундагы тазалык кызматкерлеринин жетишсиздиги айтылган жана эмгек мигранттарынын кесиптик бирлигинин төрагасы Ренат Каримов «500 тазалык кызматкери жетишсиз экенин билдирген. Ал жетишпеген жумушчуларды толуктоого атайын учакты жалдашканын, учакты Бишкекке жиберерин айткан».

Префектура «Таганский районундагы Жилищник» толугу менен «кыш мезгилинде иштөө үчүн тазалык  жумушчулары» менен толукталды деп ишендирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>