Интернетте экстремисттик чакырыктарды жасаган адам кармалды

Интернетте экстремисттик чакырыктарды жасаган адам кармалды

Социалдык желелерде экстремисттик чакырыктарды жасап жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык,  жайында Facebook социалдык тармагында Кыргызстанда тыюу салынган диний экстремистик уюмдарга таандык видеолор,  Сириядагы куралдуу кагылуушуну колдогон тасмалар, жихатка чакырган үндөр таркатылган. 

Бул факт Жазык кодексинин 315-беренесинин (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган.

Маалыматтарга экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында экстремисттик деп табылган.

Милиция ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, анын жыйынтыгында 10-декабрь күнү Кызыл-Кыя шаарынан Кадамжай районунун Уч-Коргон айылынын 45жаштагы А.О. аттуу тургуну  кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>