Жогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолуктуМонголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдиМилиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдедиСи Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады
Москвада карантин 31-майга чейин узартылды
08.05.2020 | 09:34
Москванын мэри Сергей Собянин коронавируска байланыштуу шаардагы чектөө чараларын 31-майга чейин узартты. Тиешелүү буйрук шаар башчысынын расмий сайтына жарыяланды.
Анда соода түйүндөрү, коомдук тамактануучу жайлар, кызмат көрсөтүү сыяктуу өндүрүштүк эмес тармактар 31-майга чейин ачылбай тургандыгы жазылган. Ал эми билим берүү дагы дистанттык
түрдө улантыла бермекчи.
Соңку маалыматтар боюнча Орусияда 177 миңден ашык адам коронавирус жугузуп алган. Оорунун кесепетинен 1625 киши көз жумса, 23 803 бейтап сакайып чыккан.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар