«Жети-Өгүз» санаторийин реконструкциялоо иштери 2027-жылдын жазында бүтөтКумайык» борборунда мобилдик ветклиника пайда болдуСыймык Жапыкеев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн БШКга арыз бердиБишкекте Роза Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттүКыргызстанда 2027-жылдан тарта айрым пенсиялар жогорулайтИзраилдеги шайлоо: рекорддук катышуу, бирок эч бир блок көпчүлүккө ээ боло алган жок
Москвадагы кафеде кармалган кыргызстандыктар бошотулду
06.04.2023 | 12:59
Москвадагы кафелердин биринде ифтар учурунда кармалган кыргызстандыктар бошотулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Москванын Таган районунун полициясы тарабынан кармалган Кыргызстандын жарандары Россиянын аймагынан депортациялоо түрүндөгү административдик жазасыз бошотулган.
«Ошол эле учурда алар тамак-ашсыз жана суусуз кармалып турганы тастыкталган жок», – деп кошумчалашты элчиликтен.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Москвадагы кафелердин биринде Кыргызстандын бир нече жараны кармалганын жазышкан. Алар ифтар үчүн чогулушкан.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом