Азиз Эсенов Жол фондунун директору болуп дайындалды

Азиз Эсенов Жол фондунун директору болуп дайындалды

Азиз Эсенов Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Жол фондун Бекназар Базаралиев жетектеп келген. Ал өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулган.

Азиз Эсенов 1977-жылы Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында туулган.

1994-1998-жылдары Кыргыз улуттук университетинин “коммерция” багытында бакалавр, 2016-2018-жылдары Нарын мамлекеттик университетинде “менеджмент” багытында магистрдик билимге ээ болгон.

Эмгек жолун 1999-жылы каржы бөлүмүндө катардагы кызматкерден баштаган Азиз Эсенов Бишкек шаарынын Свердлов районунун каржы бөлүмүнүн башчысы, Кочкор районунун акиминин орун басары, “IGM Group” ЖЧКсынын башкы директору жана бир топ кызматтарды аркалаган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>