Садыр Жапаров Арменияга иш сапары менен барат

Садыр Жапаров Арменияга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 23-ноябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн Арменияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Анын айтымында, уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары ЖККУнун жоопкерчилик зонасындагы учурдагы кырдаалды жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

«Ошондой эле, Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын алкагында ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлери Армениянын Уюмга төрагалык кылуунун жыйынтыгын чыгарышат жана Беларустун төрагалыгы маалындагы ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалымат угушат.

Мындан тышкары, ЖККУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы шериктештикти бекемдөөгө, ошондой эле Уюмдун ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалууда», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>