Ош шаарында 300 орундуу заманбап бала бакча ачылдыМСК салык системасындагы беш жылдагы топ-5 өзгөрүүлөр жөнүндө айтып бердиӨзүн адвокаттын жардамчысы катары тааныштырып, алдамчылык кылган шектүү кармалдыMBANK’тан «Маниполия» боюнча жашыруун гайд: «Мани» упайларын оңой топтоп, «Байгелер дүкөнүндө» сарптоонун 3 ыкмасыКыргызстанда «ЭлКат» эл аралык интернет-трафиктин жалгыз оператору болдуГЭСтер курулууда, 95 ишкана ачылды: Нарында 9 айда жасалган иштердин жыйынтыгы чыгарылды
Москвада кыргызстандык жаран метродо кара терилүү кишиге кол салды
10.11.2021 | 11:05
Москвада кыргызстандык жаран метродо кара терилүү кишиге кол салды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери жаңжал болгон жерге ыкчам жетип, шектүүлөрдү – эки кыргызстандыкты кармашкан. Биринчиси дагы, экинчиси дагы чырдын себебин түшүндүрө алган жок. Ал эми кара терилүү адам Кыргыз жараны ага эмне себептен кол салганын түшүнбөгөндүгүн, Кыргыз жарандары мас абалда экенин гана айткан. Күбөлөр кыргызстандык мигрант кара терилүү кишини кантип жерге тоголото түрткөнүн видеого тартып алган.
Окуяга күбө болгондор жаңжалды токтотушкан. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом