Москвада кыргызстандык эки жигитти уурдап, 1 млн рубль талап кылган кылмыштуу топ кармалды

Москвада кыргызстандык эки жигитти уурдап, 1 млн рубль талап кылган кылмыштуу топ кармалды

Москвада адам уурдоо жана опузалап талап кылуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү өз ыйгарымынын чегинде Россиянын ички иштер органдары менен укук коргоо чөйрөсүндө, ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, кылмыштардын бетин ачуу, кылмышкерлерди издөө максатында туруктуу негизде кызматташып келет.

Ушул жылдын февраль айынын соңунда биргелешкен ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө адам уурдоо жана опузалап талап кылуу менен байланышкан кылмыштын бети ачылган. Бул кылмыштын жабырлануучулары Кыргызстандын жарандары болуп саналат.

2023-жылдын ноябрь айында ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө мекендештерибизден кайрылуу келип түшкөн. Кыргызстандын жыйырма үч жана жыйырма эки жаштагы эки жараны белгисиз адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен жабыр тартканын маалымдашкан.

Бул маалыматты текшерүү жана тактоо учурунда эки жаш жигитке “Камила” (аты өзгөртүлдү) аттуу таанышы чалып, жолугушууну сунуштаганы аныкталган. Бирок, аны менен жолуккандан кийин жагымсыз окуяга дуушар болушканын айтышкан. Алгач кыз 23 жаштагы жигитке телефон чалып, ойдон чыгарылган шылтоо менен Москва метрополитенинин “Таганск” станциясынын жанында жолугушууну сунуштаган. Ал макул болуп, жолугушууга келип, анан чогуу кофе ичүүчү жайга киришкен.

Бирок бир аздан кийин жигитке отуз жаштардагы бейтааныш адам келип, шылтоо менен көчөгө чакырган. Жабырлануучу көчөгө чыкканда, топтолуп турган 5 бейтаныш адам өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары тааныштырып, аны кофе ичүүчү жайдан алып кетишкен. Андан ары алар жигитти түшүнүксүз айыптап, уруп сабап, уюлдук телефонун тартып алып, “БМВ Х5” үлгүсүндөгү унаага отургузушкан. Ошол учурда алар алдап полиция бөлүмүнө бара жатышканын айтышкан.

Бир нече сааттан кийин “Камила” аттуу кыз башка жыйырма эки жаштагы жаранга телефон чалып, досуңа тез жардам көрсөтүш керек деген шылтоосу менен Москванын метрополитенинин “Тургенев” станциясынын жанында жолугушууну сунуштаган. Бирок бул жерге дагы өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары тааныштырган белгисиз адамдар келип, полиция бөлүмүнө жеткиребиз деп алдап “Мерседес-Бенц Е200” үлгүсүндөгү унаага отурургузуп башка жака алып кетишкен.

Маалыматтарга караганда, эки жабырлануучу жигитти белгисиз батирге алып келишип (тергөөнүн жүрүшүндө бул дарек билинген — Москва шаары, Александр Монахов көчөсү), ар кандай бөлмөлөргө жайгаштырышкан. Аларга физикалык зомбулук көрсөтүү менен уруп-согуп, психологиялык кысым көрсөтүп, курал менен коркутуу (тапанча жана бычак) аркылуу өзгөчө ири өлчөмдө акча талап кылышкан. Шектүүлөр алардын ар биринен 1 000 000 рубль өлчөмүндө акча берүүнү талап кылышкан.

Эртеси эртең менен эркине каршы мыйзамсыз кармалган жигиттердин бири кое беришип, керектүү сумманы которуп беришин талап кылышкан. Шектүүлөр акча түшкөнгө чейин батирде экинчи жигитти кармап турушкан.   188 000 рубль өлчөмүндө акча которулуп, андан кийин гана мыйзамсыз кармалган жаранды кое беришип, калган 812000 рублди которууну милдеттентиришкен.

Алынган маалыматтарга караганда, бул адамдар берки жигиттерди кыздын компроматтык сүрөттөрүн тараттыңар деп шылтоо кылып коркутушкан.

Чогултулган материалдардын негизинде Россиянын тергөө комитетинин Москва шаары боюнча Борбордук административдик округунун тергөө башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштерди иликтөө бөлүмү тарабынан Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинин 2-бөлүгүндө (адам уурдоо), 163-беренесинин 2-бөлүгүндө (опузалап талап кылуу) каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Аталган топтун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында ыкчам кызматкерлер бөлүнүп, алар менен бир катар комплекстүү ыкчам-техникалык иш-чаралар жүргүзүлүп, шектүү адамдар аныкталган.

2024-жылдын  27-февраль күнү Россиянын ИИМдин кызматкерлери менен биргеликте бул кылмыштуу топтун катышуучуларын кармоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын комплекси өткөрүлгөн.

Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы боюнча кылмышка шектүү катары беш адам кармалган. Алардын ичинен Россиянын жарандары болгон 28 жаштан 37 жашка чейинки төрт эркек кармалды, бири Ош облусунун тургуну болот. Аталган кылмыштарга түздөн-түз тиешеси бар Кыргызстандын жыйырма жаштагы жараны (аял киши) да кармалды.

Учурда козголгон кылмыш иши боюнча, анын ичинде башка жабыр тарткан адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кармалгандардын мурда жасалган башка оор жана өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси бар экендиги текшерилүүдө.

Кыргызстандын ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү тарабынан мындан аркы иштер улантылып, Россиянын аймагында мекендештерибизди маалымдоо аркылуу кылмыштарды жана укук бузууларды болтурбоого багытталган алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>