Баткенде изделип жаткан аялдын жансыз денеси табылды

Баткенде изделип жаткан аялдын жансыз денеси табылды

Баткенде изделип жаткан аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-февралдан бери дайынсыз болуп жаткан 29 жаштагы Р. кызы Н. аттуу аялды (майыптыгы бар) издөөгө бүгүн ӨКМдин Баткен райондук жана шаардык бөлүмдөрүнөн жалпы 31 куткаруучу издөө иштерине тартылып, Баткен районунун Рават, Ак-Татыр айылдарынын аралыгында, Баткен — Раззаков автоунаа жолунун эки тарабында издөө иштерин жүргүзүшкөн.

Натыйжада аталган жарандын сөөгү саат 16:12де Рават айылындагы тоо боорунан табылып, жакындарына өткөрүп берилди.

Алгач жогоруда аты аталган аялдын жоголгондугу тууралуу маалымат 102 кызматына түшкөн.

Аталган жаран Баткен районунун Ак-Татыр айылына баратып, аталган айылдан ары жайгашкан Рават айылында түшүп калган. Ички иштер бөлүмү тарабынан издөө иштери 3 күн бою жүргүзүлүп, кошумча күч катары ӨКМден жардам сурап кайрылышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>