Москвада туугандары сабаган кыздын иши боюнча жаңы жагдайлар

Москвада туугандары сабаган кыздын иши боюнча жаңы жагдайлар

Москва шаарында кыргызстандык мигрант үй-бүлөнүн үйүндө бала багуучу болуп иштеп жүргөн 10 жаштагы кыздын сабалышы боюнча кылмыш ишин козгоо тууралуу маселе каралууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Орусиядагы өкүлдөрү жабыркаган кызды медициналык кароодон өткөрүү үчүн ооруканага алып барышкан. Ал жерден кызга жамбашы, буттары, согончогу, ийини канталаган деген диагноз коюлуп, абалы канааттардырарлык деп бааланган.

Андан соң кыздын туугандары– Баткен облусунда туулган Т.М., жана анын аялы – Ош облусунда туулган Т.Э., чакырылган. Алар ИИМдин Орусиядагы бөлүмүнө жеткрилген. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Белгилүү болгондой, кыздын ата-энеси Өзгөн районунда жашайт. 2021-жылдын октябрь айынын аягында алар кызын Россияда иштеген туугандарынын үйүнө бала багуучу болуп иштөө үчүн жиберишкен. Бул үчүн кыздын ата-энеси 8 миң сом акы алышчу. Кыз 4-класста окушу керек болчу, бирок азыркыга чейин билим алган эмес.

Буга чейин кыздын сабалышына байланыштуу кырдаал Кыргызстандын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаеванын көзөмөлүндө экени маалымдалган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>