АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Москвада кароосуз калган төрт ымыркай Кыргызстанга кайтарылды
07.07.2024 | 17:02
Эмгек министрлиги ата-энесинин камкордугусуз калган он айлыктан эки жашка чейинки төрт баланы Москвадан алып келди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Ымыркайларды алып келүү Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин көмөгү менен уюштурулган.
Министрлик балдарды биологиялык үй-бүлөлөргө бириктирүү жана баланы социалдык, медициналык, психологиялык, укуктук жактан колдоо маселелерин камтыган кырдаалга жалпы баа берүү иштерин жүргүзөт.
Эмгек министрлиги балдарды кайтарып келүүгө жардам берген Россиянын камкорчулук органдарына, өлкөнүн консулдук кызматтарына, ошондой эле балдарды кайтаруу учурунда коопсуз ташуу жана кам көрүүнү камсыз кылган катышуучуларга терең ыраазычылык билдирет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар