Кыргызстан менен Монголия эт азыктарын жеткирүү пландарын белгилештиКыргызстан Кредиттерди камсыздандыруу боюнча Ислам корпорациясына кирүүнү пландап жататКыргызстан менен Орусиянын Экспорттук борбору агропродукцияларды жеткирүүнү кеңейтетЖамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт: 20-июнга карата аба ырайыКыргызстанда жарандык алуу жана андан ажыроо эрежелери өзгөртүлдүБыйыл Ысык-Ата районунда жалпы 34,5 чакырым жол асфальтталат
Москвадан Ошко 19 кыргызстандык медик келди
19.07.2020 | 10:00
Ошко Москвадан Кыргызстандын жарандары учуп келди, алардын ичинде 19 медициналык кызматкер бар. Бул тууралуу штабдан билдиришти.
«Ош» эл аралык аэропортунда 18-июлда «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын Москва–Ош багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алышты.
Анда Кыргызстанга 153 жаран кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар.
Бортто орундардын саны чектелүү жана Кыргызстанга келүүнү каалагандар көп болгондуктан, аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москвадагы кыргыз медициналык клиникалардын дарыгерлеринен жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлеринен турган комиссия тарабынан түзүлдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом