Муфтий Замир Ракиев Матраимовго ыраазычылык кат тапшырды (видео)

Муфтий Замир Ракиев Матраимовго ыраазычылык кат тапшырды (видео)

Муфтий Замир кары Ракиев коррупция иши боюнча соттолгон Райымбек Матраимовго ыраазычылык кат тапшырды. Бул тууралуу «Исмаил-Ата» фондунан билдиришти.

Маалым болгондой, 16-апрелде муфтий Оштун Кара-Суу районундагы «Исмаил-Ата» фонду тарабынан курулган мечитте таравих намазына катышып, Матраимовго ыраазычылык кат тапшырган.

«Ар убак ислам динибизге ак дилден кызмат кылып келген Матраимов Райымбек Исмаилович азирети муфтий Замир кары Ракиев, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан ыраазычылык баракчасы менен сыйланды», — деп жазат фонд.

Муфтияттын басма сөз кызматы Матраимовго ыраазчылык каттын берилиши боюнча кийинчерээк комментарий берерин билдирди.

Эскерте кетсек, 2020-жылы Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияга шектелип кармалган. 2021-жылы Биринчи май райондук соту аны «коррупцияга» күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салган. Матраимов камактагы жазадан бошотулган. Аны менен бирге ал мамлекеттин эсебине 2 млрд сом кайтарган.

Буга чейин Райымбек Матраимов жетектеген фонд муфтиятка жаңы имарат куруп жатканы кабарланган.

Раимбек Матраимов жетектеген фонд муфтиятка жаңы имарат курууда

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>