Кыргызстандын финансы сектору тогуз айда 37 миллиард сом пайда таптыБишкекте электробусту токтотууга аракет кылып жатып, айдоочу каза болдуКыргызстандын банктары тогуз айда 470 миллиард сомдук насыя берди«Студенттерди кармап калбай, тартуу керек»: «СКОЛКОВОдогу» борбордун башчысы ЖОЖдор тууралуу Мирлан Урматов Кадамжай районунун акими болуп дайындалдыЧүйдө эки жаран ишкерлерден 100 миң доллар опузалоого шектелип кармалышты
Муфтият быйыл ажылык зыярат үчүн виза керектигин билдирди
10.04.2025 | 09:35
Бул жылы Сауд Арабияга ажылык сапарга баруу үчүн виза керектелет. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.
Башкармалыктын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 29-апрелинен 10-июнуна чейин Мекке шаарына ажылык визасы жок кирүүгө жана анда калууга тыюу салынат. Мындай маалыматты Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлиги жарыялаган.
“Сауд Арабияга сапар тарткан жарандарга Саудиянын мыйзамдарын сактоого чакыруу менен бирге Сауд Арабиянын жаңы талабына ылайык, ажылык амалын ажылык визасыз аткаруу мүмкүн эмес экендигин эскертебиз”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом